Site icon Reporter.kg

Нурлан Мамытовго козголгон иш Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна тиешеси жок

Нурлан Мамытовго козголгон иш анын «Айыл Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү катары ишине байланыштуу жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди.

«Нурлан Мамытов банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп турганда 2017-жылы «Айыл Банк» ААКсында болгон окуяларга байланыштуу иликтөө себеп болгон. Иликтөө иш-чаралары Нурлан Мамытовдун Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок», — деп билдирет КОӨФ.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Айыл банктын» кызматкерлери насыя бөлүүдө коррупциялык схема боюнча кармалганын билдирген.

Exit mobile version