Site icon Reporter.kg

Нурлан Мотуев менен Самат Дөөлөтбаков дуэт ырдады – видео

Саясатчы Нурлан Мотуев менен эстрада ырчысы Самат Дөөлөтбаков Орусиялык ырчы Игорь Корнелюктун “Дожди” аттуу ырын чогуу аткарышты.

Бул тууралуу Самат Дөөлөтбаков өзүнүн “Инстаграмдагы” баракчасына жазды.

“Достор, биздин каверди «серьезно» кабыл албай, жакшы ниет менен кабыл алыңыз. Нурлан байке да, мен дагы профессионал ырчылардан эмеспиз, ырчылык билимибиз жок, ырдоо — биздин хоббибиз. Андыктан жөн гана жакшы маанай жана позитив берели деген ойдо ырдадык. Мен көптөн эле, Нурлан байкени чакырайын деп жүргөм, анткени, Нурлан байкенин «иливой» ыры интернетте хит болуп жатат. Ал эми Нурлан байке да, профессионалдуу студияда ырдайм деп, кыялданып жүрүптүр. Демек, бул дуэт, экөөбүзгө тең буюруптур”, – деп жазган.

Exit mobile version