Нурлан Насип: Аселди сүзгөн ыкчам аракеттенүү тобунун айдоочусун кечирдик

Нурлан Насип: Аселди сүзгөн ыкчам аракеттенүү тобунун айдоочусун кечирдик

Ырчы Нурлан Насип жубайын сүзүп кеткен Мамлекеттик ыкчам аракеттенүү тобунун унаасынын айдоочусунун күнөөсүн кечирди. Бул тууралуу ырчы блогер менен болгон маегинде билдирген.

Анын айтуусунда, күнөөлү жаран жубайы Асель Кадырбекованын жол кырсыгына кабылган унаасын калыбына келтирип, жасатып берүүсү керек. Ал эми келинчегинин дарылануусун өздөрү эле каржылайт.

«Биз андан эч нерсе талап кылбайбыз. Асел сакайып кетсин. Эгер башка жаман иш болуп кетсе, мен өтө эле катуу чарага бармакмын. Кудайга шүгүр, ал азыр биздин арабызда, бул кырсык, бирок анын ушунчалык ылдамдыкта айдап, кырсыкка учураганы уят иш. Видеону көрүп, жиним келип кетүүдө, Медеров көчөсүндө дайыма унаалар тынымсыз өтүп турат, анан кантип ушундай ылдамдыкта айдайт. Кантсе да сабырдуулук керек, биз мусулманбыз. Баланын келечегин бузбоо үчүн кайненем тосмо арыз жазды. Мен дагы аны Асел үчүн кечирдим. Эртең эмне болоорун билбейбиз. Бул ар бирибизге сабак болду », — деди Нурлан Насип.

Эскерте кетсек, 2020-жылы 26-июнь күнү Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде ыкчам аракеттенүү тобунун унаасы Кадырбекованын башкаруусундагы машинаны сүзүп алган. Ырчынын алган жаракаты оор болуп, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Нурлан Насип бүгүнкү күндө келинчеги ооруканадан чыгып, абалы жакшырып калганын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>