Site icon Reporter.kg

Нурлан Шакиев Исхак Раззаковдун үй-музейине барды — сүрөт

Кечээ, 1-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев маданият министри Алтынбек Максутовдун коштоосунда мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун үй-музейине барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2005-жылы музей катары ачылган үйдө Исхак Раззаков өзү 1950-1961-жылдары жашаган. Анткени ошол учурда ал Кыргыз Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп турган.

«Азыркы тапта музейде улуу инсандын өмүр жолун чагылдырган баалуу маалыматтар, архивдик материалдар, колдонгон буюмдары жана эмеректери сакталган. Ошондой эле маданий жайга келгендер кыргыз тарыхына, Исхак Раззаков мамлекетти башкарып турган учурда ишке ашырылган Чоң Чүй каналынын курулушу өңдүү ири долбоорлорго байланышкан уникалдуу фото-материалдар менен тааныша алышат. Мындан тышкары, музейден мамлекеттик ишмердин өзү жазган күндөлүгүн да көрүүгө болот», — деп айтылат маалыматта.

Үй-музей менен таанышып чыккан Шакиев даңазалуу мамлекеттик ишмердин жасаган иштери жалпы кыргыз коомчулугуна үлгү экенин белгилеген.

«Өлкөбүздүн тарыхында ушундай улуу инсандар жашап өткөнүн дүйнө эли да билиши керек. Андыктан чет жактардан келген жогорку даражалуу конокторду да ушул музейге ээрчитип келип, Исхак Раззаковдун өмүр жолу жана кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу маалыматтар менен тааныштырышыбыз кажет», — деди ал.

Ошондой эле төрага маданий жайга мамлекеттик ишмердин портретин белек кылып, Ардактуу меймандар китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version