Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Нурлан Шакиев мурунку президент Курманбек Бакиев тууралуу пикирин айтты.
Жыйында Дастан Бекешев: “Бакиевди 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, жакшы сөз айтып жүргөнүңүз боюнча сурайын дегем”, — деди.
Өз кезегинде Нурлан Шакиев: “Мен жаран катары айта турган болсом, мурда иштеп кеткен бардык экс-президенттерге мамилем, коомдукунан кескин айырмаланбайт. Коомдогу көз караш кандай болсо, менин көз карашым дагы ошондой”, — деп жооп берди.
“Демек, сиз эл менен турбайсызбы?” — деди Бекешев.
“Албетте”, — деп жооп берди Шакиев.
Нурлан Шакиев 2006-2010-жылдары мурунку президент Курманбек Бакиевдин пресс катчысы андан кийин кеңешчиси болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз