Site icon Reporter.kg

Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев парламенттин төрагасы болуп шайланды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерге 80 депутат «макул», 6 депутат «каршы» деп добуш берген.

Буга чейин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы төрагалыкка көрсөткөн Нурлан Шакиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттар тобу, “Ишеним”, “Альянс” фракциялары дагы колдошкон.

Буга чейинки төрага Талант Мамытов отставкага кеткен. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version