Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурлан Шакиев парламенттин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерге 80 депутат «макул», 6 депутат «каршы» деп добуш берген. Буга чейин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы төрагалыкка көрсөткөн Нурлан Шакиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттар тобу, “Ишеним”, “Альянс” фракциялары дагы колдошкон. Буга чейинки төрага Талант Мамытов отставкага кеткен.  Биздин Телеграм … Читать далее Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды