Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын II даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Аталган сыйлык Шакиевге коңшу мамлекеттин президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.
Орденди ага Бишкекке расмий сапар менен келген Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов тапшырды.