Site icon Reporter.kg

Нурланбек Тургунбек уулу Вячеслав Володин менен стратегиялык кызматташтыкты талкуулады

Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россиянын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш маалымат таратты.

Жолугушууда саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү боюнча макулдашуу болду.

Тургунбек уулу Россияны стратегиялык өнөктөш катары атады жана парламенттик дипломатия мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодо маанилүү экенин белгиледи.

Сүйлөшүүдө соода жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүү, билим берүү жана миграция жаатындагы кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Өз кезегинде Володин жолугушуу эки тараптуу ишенимди бекемдөөгө багытталганын белгилеп, кыргыз элинин Улуу Жеңиштеги салымын жогору баалады.

 

Exit mobile version