Site icon Reporter.kg

Нурмагомедов: Аллах исламга акаарат келтирген Макрондун жазасын берет

UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Франциянын президентти Эммануэл Макрондун Ислам дини тууралуу пикири боюнча өз оюн социалдык баракчасына жазды.

Анда ал Француз президентинин Ислам динине келтирген акаараты үчүн акретте жооп берет деген пикирин жазган.

“Жараткан бул макулуктун жана анын аркасынан ээрчип сөз эркиндиги деген девиз менен бир жарым миллиард мусулмандын ишенимин тебелегендердин жазасын берсин.   Жараткан бул дүйнөдө да тиги дүйнөдө да жазаласын.  Аллах мындай нерсени кечиктирбейт көрөсүңөр. 

Биз-мусулмандар Пайгамбар Мухаммедди (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) эне-аталарыбыз, ага-ини, эже-карындаштарыбыз жана башка жакындарыбыздан да жакшы көрөбүз. Мага ишенип койгула бул провокациялары өздөрүнө терс натыйжа берет. Жыйынтыгында ийгилик дайым кудайдан коркондор тарапта болот.

Чындыгында, Аллахты жана анын элчисин жамандагандарга, Аллах бул дүйнөдө жана акыретте каргыш айтып, алар үчүн кордогон азаптарды даярдаган”, — деп жазган Нурмагомедов.

Белгилей кетсек, 16-октябрда Париждин чет тарабында мугалим Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген.

Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөтүп, мусулман динин карманган окуучуларды класстан чыгып туруусун сурангандыгын чет элдик ЖМКлар жазышууда.

26-октябрда Франциянын президенти Макрон өлкө баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген.

Макрондун чакырыгы түрк өкмөтүн камтама кылып, мусулмандарга каршы күрөш катары мүнөздөлгөн. Ушундан улам эки өлкөнүн дипаломатиялык алака-катнашы чыңалып турат.

Exit mobile version