Site icon Reporter.kg

Нурсултан Назарбаев «Ардактуу сенатор» наамынан ажыратылды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев «Ардактуу сенатор» наамынан ажыратылды. Бул тууралуу парламент сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев билдирди.

2019-жылы мартта отставкага кеткенден кийин Назарбаевге «Ардактуу сенатор» наамы берилген эле.

«Эки-үч апта мурун сенаттын регламентине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондо биз «Ардактуу сенатор» наамын регламенттен алып таштадык. Азыр бизде мындай институт жок. Эртең тунгуч президент тууралуу мыйзам күчүн жоготкону турат. Конституциялык соттун тиешелүү чечими бар. Муну эске алып, биз да регламенттен алып таштаганбыз. Ошондуктан бул жерде эч кандай суроо жаралышы мүмкүн эмес», — деди Маулен Ашимбаев.

Назарбаев 2019-жылы бийликтен кетип, кызматын Касым-Жомарт Токаевге өткөргөндөн кийин өлкөнүн саясатына таасирдүү кызматты – Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын ээлеген. 2022-жылдын январында жапырт нааразылыктар башаламандыктарга айланып, кан төгүлгөндө бул кызматын да президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Мындан кийин Нурсултан Назарбаевдин жакындары да кызматтан кетип, айрымдары камалган.

Казакстанда «Елбасы» жөнүндө мыйзам жокко чыгарылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version