Site icon Reporter.kg

Нурсултан Назарбаев коронавирустан сакайды

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев коронавирустан сакайды. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Айдос Укибай “Твиттерге” жазды.

«Элбашынын коронавируска тапшырган бүгүнкү тести таза чыкты. Дарыгерлердин сунушун эске алып, учурда обочолонуу шартында иштөө менен бирге таза абада сейилдөөгө да көңүл буруп жатат», — деп жазган Укибай.

Белгилей кетсек, 18-июнда элбашы Нурсултан Назарбаевден коронавирус табылгандыгы тууралуу маалымат айтылган.

 

Exit mobile version