Site icon Reporter.kg

Нурсултан Назарбаев Түркиядагы эс алуусунан өлкөсүнө кайтып барды

Казакстандын мурдагы президентинин басма сөз катчысы Айдос Укибай Нурсултан Назарбаев «эмгек өргүүсүнөн» кийин Түркиядан кайтып келгенин билдирди.

«Нурсултан Назарбаев эмгек өргүүсүнөн кийин кайтып келди. Ал жакындары менен Түркияда болду. Түрдүү анонимдүү булактар кабарлагандай эс алуу маалында экс-президент чет өлкөлүк расмий адамдар же бизнес өкүлдөрү менен эч кандай жолугушууларды өткөргөн жок», – деп жазды Укибай Twitter баракчасына.

Буга чейин айрым басылмалар Түркияда Назарбаев Орусиянын либерал-демократиялык партиясынын (ЛДПР) башчысы Леонид Слуцкий, ошондой эле орус бизнес өкүлдөрү жана ири корпорациялардын жетекчилери менен жолукканын кабарлашкан.

Нурсултан Назарбаев Түркияга барганы тууралуу маалымат июлдун башында, анын туулган күнүнө жакын пайда болгон. Казак ЖМКлары 4-июлда Назарбаевдин Airbus A320 Neo учагы Түркиянын Бодрум шаарына учуп кеткенин жазышкан.

Быйыл 9-мартта Назарбаев Анталияга барган. Бул анын Январь окуяларынан кийин алгачкы жолу дүйнөлүк саясий аренага чыгышы болгон.

Январь окуяларынан кийин Казакстанда Назарбаевдин өлкөнү башкаруудагы таасири азайганы тууралуу пикирлер айтыла баштаган. 5-июнда Конституцияны өзгөртүү боюнча өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө бир катар артыкчылыктарды жана кол тийбестик берген «Туңгуч президент тууралуу» конституциялык мыйзам жоюлган.

Exit mobile version