Site icon Reporter.kg

Нурсултан Назарбаев жүрөгүнөн операция болду

Нурсултан Назарбаев жүрөгүнөн операция болду. Ал Улуттук илимий кардиохирургиялык борборго жаткырылды. Бул тууралуу мурдагы президенттин маалымат катчысы Айдос Үкибай билдирди.

Үкибай Твиттерге: «Операция ийгиликтүү өттү. Биринчи президенттин өмүрүнө коркунуч жок. Ушул тапта ал көзөмөлдө», — деп жазды.

20-январь күнү эртең менен «Хабар 24» телеканалынын мурдагы директору Александр Аксютиц соцтармактардагы баракчалары аркылуу Нурсултан Назарбаев ооруканага жаткырылганын кабарлаган.

Нурсултан Назарбаев 1991-жылдын 16-декабрынан 2019-жылдын 20-мартына чейин Казакстандын президенти болгон.

Нурсултан Назарбаев ооруканага түштү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version