Site icon Reporter.kg

Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы “Атамекен” Улуттук парламентинин төрагалыгынан кетти

Тимур Кулибаев

Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев «Атамекен» Улуттук парламентинин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү «Орда» басылмасы Кулибаевдин катына шилтеме берүү менен билдирди.

«Бүгүнкү күндөн баштап «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын президиумунун шайланган төрагасы кызматынан кетүү чечимин кабыл алдым.

Мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн съезддин делегаттарына жана президиумунун мүчөлөрүнө алкыш айткым келет. Ишкерлердин улуттук палатасынын жогорку көзөмөл органын сегиз жылдан бери жетектөө мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик болду», — деп айтылат катында.

Exit mobile version