Нуртазин Жетыбаев Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Жетыбаев Футбол федерациясынын башкы катчысы, ошондой эле Башкы прокуратуранын иш башкармалыгынын башчысы болуп, көз карандысыз мамлекеттик эмес соттук экспертиза борборун жетектеп келген.