Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков учурда УКМКда сурак берип жатат. Комитет азырынча бул боюнча маалымат бере элек.
Буга чейин «Ыйман» фондунун бухгалтери Индира Аширова 2 айга камалганы маалым болгон.
Финансы министрлиги июль айында фонддо аудит жүргүзгөн. Анда 2014-2018-жылы түшкөн акчалардын сарпталышы боюнча отчет жоктугу айтылган. «Ыйманга» алгач Түркиядан 5 миллион, андан кийин 24 миллион сом түшкөнү маалымдалат.
Нуржигит Кадырбеков 2015-2019-жылдары фондду башкарган.