Site icon Reporter.kg

Облустук сот Олжобай Шакирге чыккан өкүмдү колдоду

Бүгүн Чүй облустук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин ишин карап чыгып, Аламүдүн райондук соттун чечимин колдоду. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, 14-майда сот жазуучуну «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» күнөөлүү деп таап, 5 жылга абакка кескен. Олжобай Шакир күнөөнү мойнуна алган эмес.

Exit mobile version