Обсервацияда чуу чыгаргандар үй карантинине жиберилет

Обсервацияда чуу чыгаргандар үй карантинине жиберилет

“Манас” аэропортунун жанындагы «Семетей» обсервациясында чуу чыгаргандарды үй карантинине жиберүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Алардын ичинен жакындар менен байланышкан жактардан аныкталган 43 учурдан улам, 19 жаран медиктердин көзөмөлүндө калтырылат.

«Ал эми медицина кызматкерлери аталган обсервацияда 22-майга чейин штаттык тартипте иштешет жана алардын иштөө мөөнөтү бүткөндө башка жаңы топтогулар келет. Обсервацияга жооптуу врач министрликтин буйругуна ылайык, 7-июнга чейин иш алып барат», — деп жазылат штабдын билдирүүсүндө.

Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев алар менен жолугуу үчүн  окуя болгон жерге барган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>