Site icon Reporter.kg

“Өчпөс полк” жөө жүрүшү Бишкекте

Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсү менен Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүрүш  саат 9:00 дө башталды.

Жүрүшкө Ата Мекендик согушка катышкан ата-бабаларынын сүрөттөрүн көтөрүп алып, алардын эрдиктерин даңктап баратышат.

1 миңдей адам чогулду. Алар Байтик Баатыр көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин жөө басышат. Иш-чаранын уюштуруучулары катышуучуларды провокацияга алдырбоого чакырышты.

COVID 19 илдетинен соң кайрадан Кыргызстанда аталган жөө жүрүш болуп жатат

Exit mobile version