Site icon Reporter.kg

Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатып жаткандар кармалды

Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду. Бул туурасында Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-апрель күнкү  УКМКнын жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жана атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан учурда оптикалык прибор менен Б.К.Т. аттуу Талас районунун тургуну кармалды.

Ошону менен бирге, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз сактап жүргөн 3 даана ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып алынды.

Бул факты боюнча учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Exit mobile version