Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кореядан алына турган насыянын бир бөлүгүнө эки тик учак сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу министрдин орун басары Эделбек Кулматов 10-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында Кыргызстан менен Кореянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2025-2029-жылдар аралыгында 500 млн доллар алуу тууралуу макулдашуусу каралып жаткан. Насыя 40 жылга берилет, анын ичинен биринчи 10 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп, үстөк пайызы 0,1% болот.
Аталган каражаттын 71 млн долларына ӨКМ үчүн Кореядан чыгарылган KUH-1 үлгүсүндөгү эки тик учакты сатып алуу пландалууда.
Эделбек Кулматовдун айтымында, тик учактар издөө-куткаруу иштери үчүн сатып алынган жатат. Азыркы тапта ӨКМдин карамагында үч тик учак бар. Анын эң кичинекейи 4 орундуу, андан чоңураагы 6 орундуу. Үчүнчүсү — Россия тарабынан берилген МИ-8 чоң тик учагы.
Ал билдиргендей, жаңы алына турган учактар тиешелүү жабдыктар менен жабдылып, түнкүсүн, ар түрдүү аба ырайында уча алат. Эвакуация иштерин жүргүзгөнгө, өрт өчүрүүгө колдонгонго болот.
«Тилекке каршы мындай типтеги тик учактар азыр бизде жок», — деди ал.