Site icon Reporter.kg

ӨКМ адистери Кегетидеги Көл-Төр көлүн изилдешти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун Кегети тоосунда жайгашкан Көл-Төр көлүнө иликтөө иштерин жүргүздү. Бул тапшырма министр Бообек Ажикеевдин көрсөтмөсү менен аткарылган.

Изилдөөнүн негизги максаты — көлдүн көлөмүн, агып чыккан суунун деңгээлин тактоо жана марена дамбасынын туруктуулугун текшерүү болгон. Ишке ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана божомолдоо жүргүзүү департаментинин адистери жана Чүй облустук куткаруучулары тартылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Көл-Төр көлүнүн көлөмү климаттык нормага ылайык экени аныкталып, жырылып кетүү коркунучу жок деген тыянак чыгарылды. Ошентсе да, алдын алуу чарасы катары сифон ыкмасы колдонулуп, көлдүн суусу бир аз азайтылды.

ӨКМ айыл тургундарына кайрылып, көлдүн жолунда жайгашкан айылдар үчүн эч кандай кооптуу абал жок экенин билдирди.

Кыргызстанда ушундай жүздөгөн тоо көлдөрү бар. Алар климаттык өзгөрүүлөргө жараша мөңгүлөрдүн эрүү процесси менен толуп турат жана дайыма байкоого алынат.

Exit mobile version