Site icon Reporter.kg

ӨКМ Адыгине көлүндөгү суунун деңгээли боюнча маалымат берди

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгине көлүндө суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Атайын топ 17-июлда таң эрте Адыгине көлүнө жана жанындагы көлмөлөргө көзөмөл жүргүзүп келишти.

“Азыркы учурда Ала-Арчанын үстүндөгү көлдөр критикалык толуп кетүү коркунучунда эмес, буга космос-снимоктон байкоо, салыштыруу тынымсыз жүргүзүлүүдө. Биз тараптан “нулевой изотерма” тактап айтканда, температуранын жогорулашы байкалууда. Эгерде тоо көлдөрүндө жырылып кетүү коркунучу жаралса, жергиликтүү бийликке алдын ала эскертүүлөр берилет. Учурда бул кызматтын кызматкерлерине тоо көлдөрүн байкоо жүргүзүү үчүн талаа-изилдөө жумуштары мерчемделген”, — дейт Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгине көлү жана майда көлмөлөр бар. Көл деңиз деңгээлинен 3580 метр бийиктикте жайгашып, “Ала-Арча” улуттук паркынан 10 километр алыс.

Exit mobile version