Site icon Reporter.kg

ӨКМ: «Арал» посту жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

Бүгүн, 7-мартта таңкы саат 6:30дан тарта Токтогул районунун «Арал» посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мындай чектөө Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу киргизилди.

Exit mobile version