Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жана номер 23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери Бишкек-Ош автоунаа жолунун Ала-Бел ашуусунун 217-265 чакырымына чейинки жеринде иш алып барышууда. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн түнү болжол менен 3-4 см кар жааган.
“Учурда жол каттамы ачык, тыгындар жок”, — деп айтылат маалыматта.