Site icon Reporter.kg

ӨКМ: Боомдо жол бир тараптуу ачылды

Боом капчыгайында Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун Бишкекке кеткен тарабы кум-шагылдан тазаланып, ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Учурда жолду тазалоо иштери уланууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 5-августта болжол менен саат 16:00дө нөшөрлөп жааган жамгырдын айынан Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 136 жана 138-чакырымында жол жабылып калган. Анын айынан капчыгайда бир нече чакырымга созулган жол тыгыны жаралган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version