Site icon Reporter.kg

ӨКМ: Чүй менен Таласта үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Чүй жана Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 26-27-март күндөрү түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган аймактарда абанын температурасы 0…-2°ка чейин төмөндөшү мүмкүн.

ӨКМ гүлдөгөн жемиш бактарды жана алардын бүчүрлөрүн үшүк алып кетиши мүмкүн экенин билдирди.

 

Exit mobile version