Site icon Reporter.kg

ӨКМ Чүйдө болгон жер титирөө тууралуу маалымат берди

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунда болгон жер титирөө тууралуу маалымат берди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 19-март күнү саат 21:05те болуп, анын күчү очогунда 3,5 магнитудага жеткен. Зилзаланын очогу Чүйдүн Кашка-Суу айылынан 8 чакырым, Бишкектен 33 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Жер титирөө Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 балл, Бишкекте, Сокулук районунун Күн-Туу айылында, Аламүдүн районунун Арчалы, Арашан, Кой-Таш, Байтик, Таш-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

«ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Кошумча маалымат берилет», — деп билдирди министрлик.

Exit mobile version