Аба ырайынын жылыганына байланыштуу 19-23-март күндөрү Бишкек — Ош жана Каракол — Эңилчек унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Ошондой эле муз тоңуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Ал эми Каракол — Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу жаралууда.
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону эскертти. Ошондой эле, жарандарды бул күндөрү зарылдык болбосо, алыскы сапарга чыкпай турууга чакырды.