Site icon Reporter.kg

ӨКМ «жер титирөө кайталанат» деген жалган маалыматка ишенбөөгө чакырды (видео)

Кыргызстанда 23-январга караган түнү саат 00:09да жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнун очогу Кытайдын аймагында, Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын түштүк-чыгышында 140 чакырым алыстыкта жайгашкан.

ӨКМ билдиргендей, жер силкинүү Каракол менен Нарын шаарында жана Кажы-Сай айылында 4 баллга чейин сезилген.

«Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер-жерлеринде маалымат топтоп, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө», — деп билдирет министрлик.

Министрлик социалдык тармактарга тарап жаткан «жер титирөө кайра кайталанат» деген маалыматтар жалган экенин билдирип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Exit mobile version