Site icon Reporter.kg

ӨКМге тик учак жана атайын техникалар тапшырылды — сүрөт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, автобустар, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылган.

Президент өз сөзүндө бүгүнкү күндө мезгилдер өтүп, замандын өзгөрүшү менен жаратылыш, табият да бир топ өзгөрүүлөргө учурап жатканына дүйнө жүзү күбө болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, жер жүзүндө жаратылыш кубулуштарынын, табият кырсыктарынын же өзгөчө кырдаалдардын саны өстү, алкагы кеңейди.

«Глобалдык шарттар, климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди арттырууну, көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат», — деди ал.

Президент адам өмүрүнөн өткөн байлык жок экенин белгилеп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде заманбап, кубаттуу техника жана каражаттар болушу керектигин айтты.

«… Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөндөн бери көрүлгөн профилактикалык иш-чаралар миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, көптөгөн табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга шарт түздү. Куткаруучулар өз милдеттерин татыктуу аткарып, эл аралык гуманитардык операцияларда чоң тажрыйбага ээ болушту. Бирок учурдун талабына ылайык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалык потенциалын чыңдап, атайын инженердик жабдуулардын, коммуникациялардын жаңы үлгүлөрү менен камсыз кылуу эбак эле артта калды. Куткаруучуларыбызды заманбап кубаттуу техникалар менен камсыз кылуу мамлекеттин кубаттуулугун көрсөтөт, элдин бийликке болгон ишенимин арттырат, ар кандай кырсыктарда куткаруу кызматын күтүп жаткан жарандардын ажатын ачып, өмүрлөрүн сактап калууда. Биз бул жагдайды жакшы билебиз жана анын үстүндө иштеп жатабыз», — деди Жапаров.

Ал бир жыл мурун куткаруучулар заманбап өрт өчүрүүчү машиналар жана атайын инженердик оор техникалар менен камсыз болгондугун эске салды.

«Бүгүн болсо эгемендүүлүккө ээ болгондон бери алынбаган тик учак жана 34 даана атайын техникалар биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 384 миллион 140 миң сомго сатылып алынды. Ошондой эле, ушул жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 752 миллион 212 миң сомго дагы 1 тик учак сатып алуу планыбызда бар.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 долларга 10 даана жол тандабас пикап автоунаалары, 1 даана кичи автобус, 11 даана инженердик оор техникалар алынды. Мунун баары – мамлекеттин жүзү, күчү, кубаты! Тиешелүү техникалар менен камсыздоо иш-аракеттери муну менен эле токтоп калбайт, бул багыттагы иштерди мындан ары да улантабыз!», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version