Кечээ, 22-майда өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда бир катар энергетикалык объекттердин курулушун баштоого мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы алгач аталган райондун Ынтымак айыл аймагында жалпы кубаттуулугу 9 мВт болгон Куршаб-1, Куршаб-2, Куршаб-3, Куршаб-4 чакан ГЭСинин курулушун баштоо аземине катышкан.
Ошондой эле электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү көмөк чордонунун жана заманбап бетон чыгаруучу заводунун курулушунун баштоого старт берген. Бул чакан ГЭСтерди, көмөк чордонду куруунун сметалык баасы 870 млн сомду түзөт. Ал эми бетон заводун курууга 70 млн сом жеке ишкерлер тарабынан каржыланган.
«Чакан ГЭСтер – экологиялык жактан таза, туруктуу энергиянын булагы. Ат-Башы ГЭСи, Токтогул ГЭСинин 2 жана 4-агрегаттары оңдолду. Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-агрегаты, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери жүрдү. 50гө жакын чакан ГЭСтер пайда болду. Кубаттуулугу 1860 мВт болгон Камбар-Ата–1 ГЭСинин курулушу башталды, келишимдерге кол коюлду. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу менен биз энергияны экспорттой турган өлкөгө айланабыз, энергетикалык көз карандысыздыкка жетебиз”,- деген Адылбек Касымалиев иш-чарада.
Андан соң, өкмөт башчы Отуз-Адыр айыл аймагында аккумуляторлорду чыгаруучу заводун курууга мезгил кутучасын салуу аземине катышкан.
Жалпы сметалык наркы 452 млн сомду түзгөн бул завод аккумулятор чыгаруу менен гана чектелбестен, күн нурунан кубатталуучу күн чырактарын, төмөнкү жана жогорку кубаттуулуктагы электр чубалгыларын чыгарат.