Site icon Reporter.kg

Өкмөт башчы «Каркыра” эс алуу комплексинин курулушу менен таанышты

Өкмөт жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында “Каркыра” тоо — эс алуу комплексинин курулушу таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Адылбек Касымалиев курулуштун учурдагы абалы менен долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө байланыштуу маселелерди талкуулаган.

Ал бул долбоор аймактын туристтик потенциялын өнүктүрүү үчүн маанилүү экенин белгилеген.

«Биз курулушту өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бул —  бүткүл лыжа кластеринин келечегине инвестиция»,- деген ал.

Эске салсак, төрт мезгил бою иштей турган аталган комплекстин курулушуна 2023-жылдын декабрь айында старт берилген. Долбоордун инвестициялык бюджети 191 млн АКШ долларын түзөт жана аны алты этап менен куруу пландалган. Долбоор орусиялык инвесторлордун жардамы менен ишке ашууда.

Exit mobile version