Site icon Reporter.kg

Өкмөт Бишкек-Ош жолуна альтернативдүү тоннель куруу долбоорун бекитти

Министрлер кабинети Бишкек-Ош унаа жолунда альтернативдүү тоннель куруу долбоорун бекитти. Токтом «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.

Токтомго өкмөт башчы 16-июлда кол койгон. Ага ылайык, бул тоннел мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде «долбоордук кум коргон» режиминде курулат.

Мамлекеттик өнөктөш — Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги болот. Ал эми жеке өнөктөштөр — курамында «Тез Жол», «Кыргызгидроатайынкурулуш», «Темирбетон Курулуш» жана «Нур Капитал» ишканалары бар консорциум болот.

Транспорт министрлигине караштуу «Кыргызжолтрансдолбоор» институту аталган тоннелди курууга долбоордук документтерди жана сметалык эсептөөлөрдү даярдайт.

Куруу иштери долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу менен параллелдүү долбоорлоо ыкмасы менен жүзөгө ашырылат.

 

 

Exit mobile version