Site icon Reporter.kg

Өкмөт: Чүйдө 4,2 млрд долларга Манас соода-логистикалык шаары курулат

Чүйдүн Аламүдүн районунда Манас соода-логистикалык шаары курулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 17-октябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров шаардын курулушун баштоого капсула салды.

Аталган калааны кытайлык инвесторлор салат. Аны курууга 4,2 млрд доллар сарпталат деп пландалууда. Курулуштун биринчи баскычында 700 млн доллар жумшалат. Шаардын аймагында 30 миң соода түйүнү бар болот.

Exit mobile version