Site icon Reporter.kg

Өкмөт көмүрдү сыртка ташып чыгууга дагы 6 айга тыюу салды

Министрлер кабинети көмүрдү автоунаа менен Кыргызстандын аймагынан ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койгон токтомго ылайык, көмүрдү “Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” автомобилдик өткөрүү пункттары менен гана сыртка чыгарууга болот. Ошондой эле бул чектөөлөр Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына жайылтылбай турганы айтылды.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Exit mobile version