Кыргызстанда 2012-жылы кумарканаларга тыюу салынгандан кийин 2022-жылы кайра уруксат берилген. Кумарканаларга уруксат берген өкмөт бара-бара бюджетке жылына 1 млрд сомдон 6 млрд сомго чейин түшүп турат деп көздөгөн. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет болдубу, айтор, бюджетке өкмөт күткөн миллиарддар түшө элек.
«Акчабар» жазгандай, 2023-жылы кумарканалар бюджетке 100 млн сомго жетпеген акча алып келген. Былтыр түшкөн акча көбөйгөнү менен ал да миллиарддарга жеткен жок: 2024-жылдын 11 айында 271,2 млн сом түштү.
Аталган акчанын 258,3 млн сомун кумарканалар төккөн болсо, 11 млн сому букмекердик жайлардан, 1,8 млн сом оюн автоматтарынан түшкөн.
Атазов: Апам казинону «колдобо» дегенине карабай колдогом. Азыр өкүнүп жатам (видео)