Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелери Түркиянын «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, «Ынтымак Ордо» имаратында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен «Маариф» эл аралык фондунун өкүлчүлүгүнүн директору Хүснү Биржандын жолугушуусу өттү.
Жолугушууда Эдил Байсалов «Сапат» билим берүү мекемелери «Маариф» фондунун башкаруусуна өткөрүү чечими кабыл алынганын билдирди.
«Маариф» фонду Кыргызстандагы беш жылдык ишинин ичинде улуттук да, эл аралык да талаптарга жооп берген билим берүү стандарттарынын сапатынын эң жогорку деңгээлин көрсөттү. «Сапат» тармагын башкарууну өткөрүп берүү студенттердин жана алардын ата-энелеринин кызыкчылыктарына жооп берип, алардын билим алуу шарттарын жана ар тараптуу өнүгүү перспективаларын бир топ жакшыртарына ишенебиз. Жаңы башкарууга өтүү процесси мыйзам чегинде, эмгек жамааттарынын укуктарын коргоо жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн кепилдөө менен так жүргүзүлүшү маанилүү», — деди Байсалов.
Хүснү Биржан «Маариф» фонду жакынкы айларда Кыргызстандын билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө ири инвестицияларды тартууну көздөп жатканын айткан.
Түркиянын «Маариф» фонду (Türkiye Maarif Vakfı) – 2016-жылы Түркиянын Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн мамлекеттик уюм. 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектеби ачылган, ал 11 миң чарчы метр аянтты ээлеген кампуста жайгашкан жана 61 класска эсептелген.
Эскерте кетсек, 2016-жылы июлда Түркияда төңкөрүш аракети болгон. Түркиянын бийлиги бул ишке АКШда бозгунда жүргөн диний ишмер Фетхуллах Гүленди айыптап, анын «Хизмет» кыймылын ФЕТӨ («Фетхуллахчы террор уюму» деп чечмеленет) террордук уюму деп жарыялаган.
Аталган окуядан кийин Түркия «Себат» (азыркы «Сапат») окуу жайлары Гүлендин тарапташтарына тиешелүү деп, Кыргызстандан аларды жабууну талап кылган. Бирок Кыргызстан андан баш тарткан. Ошол эле учурда «Себаттын» аты «Сапат» болуп өзгөртүлүп, анын негиздөөчүлөрүнүн катарына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги кирген.
Андан кийин да Түркия Кыргызстанга «Сапат» лицейлерин «Маариф» фондуна өткөрүү өтүнүчү менен кайрылып келген.
«Сапат» билим берүү мекемелеринин мурдагы президенти Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнга караган түнү уурдалып, кийин Түркиядан табылган. Түркиянын соту аны 21 жылга абакка кескен.
«Сапаттын» билим берүү мекемелерине Кыргызстанда 16 лицей, 12 башталгыч мектеп, 2 эл аралык мектеп жана «Ала-Тоо» университети карайт.
Буга чейин Түркия «Хизмет» кыймылына таандык башка мамлекеттердеги билим берүү мекемелерин өз карамаганы өткөргөн.
Фетхуллах Гүлен быйыл октябрда көз жумган.