Site icon Reporter.kg

Теңгиз Бөлтүрүк апта соңунда өкмөткө Кумтөр боюнча отчет берет

Жума күнү, 16-сентябрда, Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери катары Теңгиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгү тууралуу отчету каралат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 23-августта Министрлер кабинетинин буйругу менен “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунда тышкы башкаруу процедурасы токтотулган.

Ушул эле документ менен Теңгиз Бөлтүрүккө эки жумалык мөөнөттө, башкача айтканда, 6-сентябрга чейин “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомун убактылуу тышкы башкаруунун бүткүл мезгилиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу отчетту Министрлер кабинетине берүү тапшырылган.

“Теңгиз Бөлтүрүк буйрукта белгиленген мөөнөттө Министрлер кабинетине отчет берди. 16-сентябрда Министрлер кабинетинин отурумунда отчет каралат”, — деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.

Кумтөр кенинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржылык мыйзам бузууларды аныкталган. Анын алкагында, Теңгиз Бөлтүрүк менен ишкананын каржы директору Рыспек Токтогулов иштен алынган. Анын ордуна аталган компанияда 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген Алмаз Барыктабасов дайындалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version