Site icon Reporter.kg

Өкмөт үйүнүн алдында алты айлык кызын көтөргөн ата митингге чыкты — видео

Өкмөт үйүнүн алдында алты айлык кызын көтөргөн Муса Жаназаков президент Садыр Жапаров менен жолугушууну суранууда. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Өлкө башчы менен жолугууну каалаган жаран кызы майып болуп төрөлгөнүн, дарыгерлер ымыркай коронавирус жуктуруп алганын айтышканын, бирок эч ким дарылоого жардам бербей жатканын билдирди.

“Урматтуу президент, мен сизге кайрылгым келет. Кызым майып болуп төрөлдү. Дарыгер кызымды коронавируска шектеп жатат, бирок аны кабыл албай, башка дарыгерге кайрыл, операцияга баруубуз керек дейт. Бирок ал жакта деле бизди кабыл алышпайт. Кайра рентгенге деле түшүрүшпөйт. Мен үч жолу Саламаттык сактоо министрлигинин кабылдамасында болдум. Биз Жалга барабыз (ред.Эне жана баланы коргоо улуттук борбору) алар талондорду беришет, бирок алар түшкө чейин эле иштешет. Ал эми түштөн кийин акы төлөгөндөрдү гана кабыл алат. Акчасы жоктор кезекке турат, акчасы барлар кезексиз кирет. Сизден суранам, президент, элге чыгып, бизди угуңуз”, — деди ымыркайдын атасы Муса Жаназаков.

Exit mobile version