Октон жаракат алган илбирстин эки көзү тең көрбөй калды

Октон жаракат алган илбирстин эки көзү тең көрбөй калды

Таластын Көк-Ой айылынан кармалып, Бишкекке алынып келинген бала илбирстин эки көзү тең толук көрбөй калды. Бул тууралуу “Бугу-Эне”  коомдук фонду  “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Малыматка караганда, адистер илбирстин көзүн текшерип көрүп, анын эки көзү тең көрбөй калганын  жана аны дарылоого мүмкүн эмес экенин аныкташкан.

Ошондой эле адистер мындан ары илбирс ар убак көзөмөлдө болушу керек экенин айткан.

Белгилей кетсек, ибирс январь айынын башында кармалып Бишкекке алынып келинген соң ага операция жасалып башынан, сол көзүнөн, тилинен жана оозунан 18 чачма ок алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>