Октябрь айынан тарта Бишкекте ичүүчү суунун баасы кымбатташы мүмкүн

Октябрь айынан тарта Бишкекте ичүүчү суунун баасы кымбатташы мүмкүн

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта борбор калааланын тургундары үчүн ичүүчү суунун баасы эки эсе кымбатташы мүмкүн. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин талкуусуна коюлду.

Бул сунуш кабыл алынса, анда таза суунун бир куб метри бишкектиктер үчүн бир жарым эсеге кымбаттайт — 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин. Бюджеттик уюмдар үчүн тариф 7,38 сомдон 9,1 сомго, ал эми башка уюмдар үчүн 9,15 сомдон 13 сомго чейин жогорулатылат.

Мисалга алсак, учурда шаар тургундары таза суунун бир кубометрине 5,38 сомдон төлөп жатышса, октябрдан тарта 8,10 сомдон төлөө сунушталып жатат.

Мындан тышкары канализация үчүн төлөмдөрдүн баасын көтөрүү да сунушталып жатат. Мисалы бишкектиктер учурда саркынды суулардын кубометрине 1,2 сом төлөсө, күздөн тарта 2,3 сом төлөйт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>