Site icon Reporter.kg

«Октябрь» кинотеатрынын имараты Чүй облустук театрына берилди

Бишкек

Бишкектеги «Октябрь» кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кинотеатрдын, Кинематография депратаментинин жана театрдын жетекчилери кол койгон.

Буга чейин Чүй облустук театры өзүнүн имараты жок иштеп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version