8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун имаратынын жанына 2020-жылдын октябрь окуясында жабыркагандар чогулушту.
Октябрда жарадар болгондордун сүрөттөрү да тартылган баннерлер менен алар экс-президент Сооронбай Жээнбеков, УКМКнын мурдагы башчысы Болот Опумбаев жана мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жооп бериши керек деп айтышты.
«Эми бирөөнү уруп, тырмасаң, дароо соттолосуң. Анан мага окшоп же башкаларга окшоп атса, анда эч нерсе болбойт. 200гө жакын адам жабыркады», — деди жабырлануучулардын бири Шамил.