Site icon Reporter.kg

Октябрь районунун акими кызматын тапшырды

Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун акими Максим Ситников ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка шаар мэри Азиз Суракматов кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Ситников ден соолугуна байланыштуу өз каалосу менен жумуштан кеткен.

 Ситников 2019-жылдын февраль айында Бишкек мэриясынын транспорт тармагын көзөмөлдөгөн вице-мэрлик кызматынан Октябрь райондук акимдигине которулган.

Exit mobile version