Site icon Reporter.kg

Октябрь РИИБдин кызматкерлери 31 -августта тартипти камсыз кылууга даяр

Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо учурунда коомдук тартипти сактоого өздүк курамдын даярдыгын текшерди. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Уланбек Аалиев Эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда мыйзамдуулукту, тартипти так сакташарын жана жарандардын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыз кылынарын белгиледи.

Exit mobile version