Site icon Reporter.kg

Октябрь Урмамбетов Баткенде жаракат алган аскерлерге барды

Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы, полковник Дамир Алыбаев 5-октябрда Баткен облусундагы чек арада куралдуу кагылышуулардын жүрүшүндө жаракат алган аскер кызматчыларына барышты.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, министрдин орун басары алардын ден соолугунун абалы жана реабилитациялоо процесси жөнүндө сурап, тез сакайып кетишин каалап кетти.

Ошондой эле ички иштер министринин атынан аскер кызматчыларына көрсөткөн эрдиги жана жан аябастыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тез сакайып кетишин жана кызмат ордуна тезирээк кайтып келүүсүн каалады.

Мындан сырткары, Октябрь Урмамбетов Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан дары-дармектер жана дарылоо үчүн зарыл болгон бардык нерселер менен камсыз кылууга жардам берилерин белгиледи.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version