Октябрдагы башаламандыкта Кара-Кечеден 1 млн сомдук көмүр мыйзамсыз чыгарылган

Октябрдагы башаламандыкта Кара-Кечеден 1 млн сомдук көмүр мыйзамсыз чыгарылган

Октябрдагы башаламандыкта Кара-Кечеден 1 млн сомдук көмүрдү мыйзамсыз алып чыгышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 6-октябрда өлкөдөгү абалдын курчушунан пайдаланып жүздөй адам «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун атынан келдик деп Кара-Кече филиалынын жетекчилерин иштен кетүүсүн талап кылган. 
Ошондой эле, көмүр кениндеги видеокөзөмөлдү карап чыкканда белгисиз адамдар тарабынан автоунаага жүктөлгөн көмүрлөр мыйзамсыз чыгарылып кеткени белгилүү болгон. 
Бул факты боюнча Нарын ОИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери иликтөө баштап, көмүр алып чыккан автоунааларды такташкан. 

Анын алкагында көмүр уурдагандар «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына 1 миллион сомдун тегерегинде зыян келтиргени такталган.  Буга чейин аталган зыяндын 700 миң сому өндүрүлгөн. 

Октябрдагы башаламандык учурунда жалпы «Кыргыз көмүр» боюнча жалпы 25 арыз катталып, 19 арыз боюнча кылмыштын бети ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>