Октябрдагы окуя боюнча Бабанов менен Текебаевди суракка алуу тууралуу өтүнүч келтирилди

Октябрдагы окуя боюнча Бабанов менен Текебаевди суракка алуу тууралуу өтүнүч келтирилди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты 2020-жылдын 9-октябрындагы Бишкектеги окуяга байланыштуу жүрүп жаткан тергөөгө күбө катары саясатчылар Өмүрбек Бабановду жана Өмүрбек Текебаевди чакырууну өтүндү. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев 5-февралда билдиргенин «Азаттык» жазды.

Жактоочунун айтымында, иш азыр тергөө стадиясында. Аны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы карап жатат:

Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда аянтка чыккандардын жарымынан көбү меники болчу деп айтканын 6-ноябрда билдирген. Өмүрбек Текебаев да Жээнбеков менен жолукканда ал адамдардын жарымынан көбү аныкы болгонун айтканын билдирген. Ошонун негизинде мен эки күбөнү суракка тартууну, Жээнбековдон экс деген макамды жана кол тийбестикти алып, суракка алууну, зарыл болсо беттештирүүнү өтүндүм. Бул өтүнүчтүн каралып, ишке ашуусун күтүп жатабыз.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын эртеси нааразылык акциясы уюштурулуп, 6-октябрга караган түнү өлкөдө бийлик алмашкан.

Акциялар уланып, 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг уюштурулган. Милиция аянттагы таш, бөтөлкө ыргытуу, ок атуу менен коштолгон жаңжал боюнча иш козголгонун маалымдаган. Бул үчүн 10-октябрда Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов жана «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү Темирлан Султанбеков да кармалып, алар кийин үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.

Ал эми 5-6-октябрдагы окуялар боюнча беш кылмыш иши иликтенип жатканын, 3 миңдей адам суракка алынганын жакында Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков, саясатчылар Өмүрбек Бабанов жана Өмүрбек Текебаев же жактоочулары адвокат Жоошевдин алар тууралуу тергөөгө келтирген өтүнүчү боюнча комментарий берише элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>